Бишкек: Агасы инисин мыкаачылык менен бычактап өлтүрдү

Бишкек: Агасы инисин мыкаачылык менен бычактап өлтүрдү

Өзүнүн инисин өлтүрүүгө шектүү агасы кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык Ленин райондук милициясынан билдирди.

Маалыматка караганда, 16-декабрдын кечинде милицияга ооруканадан бычактан алган жаракатынан улам каза болгон бейтап тууралуу билдирүү түшкөн. Ооруканага тергөө-ыкчам тобу барып, ошол күнү Рылеев көчөсүндөгү үйүнүн жанында  33 жаштагы  И.А. менен улуу агасы 41 жаштагы А.И. уруша кеткендигин аныкташкан. Натыйжада А.И. бычак менен тууганын жарадар кылып, андан соң унаасы менен бейтапканага жеткирген. Бирок иниси жолдо эсине келбей көз жумган.

Аталган факты Жазык кодексинин 122-беренесинин («Киши өлтүрүү») негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Шаардык милициянын №2 бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин Ленин райондук сотунун чечими менен эки айга СИЗО-1ге камалды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>