Жетинчи чакырылыштын депутаттарынын биринчи жыйыны өтө турган күн белгилүү болду

Жетинчи чакырылыштын депутаттарынын биринчи жыйыны өтө турган күн белгилүү болду

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоону утуп чыккан талапкерлерге 22-декабрда депутаттык мандат тапшырууну пландап жатат. Ал эми жаңы чакырылыштын депутаттарынын биринчи жыйыны 23-декабрда болот.

Биринчи сессияны эң улуу депутат ачары белгиленген. Бул чакырылышта “Ынтымактан” Шарапаткан Мажитова ачат. Бул өлкө тарыхында Жогорку Кеңештин жыйынын аял киши ачкан биринчи окуя болот.

Белгилей кетсек, парламенттин жаңы курамы ишин баштаган күндөн тартып VI чакырылыш ишин токтотот.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болду, анда 5 пайыздык босого чектен алты партия өттү. Алар: “Ата Журт – Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Ыйман нуру”, “Бүтүн Кыргызстан”. Бул чакырылышта 120 эмес, 90 депутат болот, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келишти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>