Канат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөтСариев: Кыргызстан менен Казакстандын соодасы өсүүдө, бирок чек арадагы көйгөйлөр чечиле элек«Жети-Өгүз» санаторийин реконструкциялоо иштери 2027-жылдын жазында бүтөтКумайык» борборунда мобилдик ветклиника пайда болдуСыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз берди
Саясатчы Бактыбек Калмаматов камалды
22.12.2021 | 15:08
Саясатчы Бактыбек Калмаматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу абак жайына 48 саатка камалды. Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Анын адвокаты Айым Камчыбекованын айтымында, Бактыбек Калмаматов расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу беренеси боюнча айыпталып жатат.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Манас аэропортунан кичи ажыга, Сауд Аравияга кетип бара жаткан жеринен кармап кеткени кабарланган.
Бактыбек Калмаматовду Манас аэропортунан УКМК кызматы алып кетти (ВИДЕО)
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат