Майрамга карата эс алуу күндөрү узарды

Майрамга карата эс алуу күндөрү узарды

Министрлер Кабинетинин кенешмесинин жүрүшүндө жаңы жыл мезгилинде жумушчу күндөрдү жылдыруу чечими кабыл алынды. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алынган чечимге ылайык, жумасына беш күндүк график боюнча иштеген республика жарандары үчүн 2022-жылдын 1-9-январы жумушчу күнү эмес экендиги жарыяланды.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 15-январындагы дем алыш күнү — 2022-жылдын 4-январындагы иш күнүнө (тийиштүү түрдө 15-январь 4-январдын ордуна иш күнү болуп саналат), 2022-жылдын 26-февралындагы дем алыш күнү — 2022-жылдын 5-январындагы жумуш күнүнө, 2022-жылдын 26-мартындагы дем алыш күнү 2022-жылдын 6-январындагы жумуш күнүнө жылдырылды.

Белгилей кетсек, 1, 5 жана 9-май да майрам күндөрү болуп саналат, ал эми Орозо айт майрамы май айынын биринчи күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 1-майдан 9-майга чейинки мезгилди жумушчу күн эмес катары жарыялоо сунушу киргизилди.

2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу Министрлер Кабинетинде 23-февраль, 7-апрель, 7 жана 8-ноябрдын макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу маселеси да каралууда.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, май майрамдарын жылдыруу тууралуу акыркы чечим 2022-жылдын I кварталында кабыл алынат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>