Аба-ырайы: Кар жаап, жолдор тайгак болот

Аба-ырайы: Кар жаап, жолдор тайгак болот

17-18-19-январь күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 17-январда күндүз жана 18-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, 18-январда күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл облусунда 17-18-январь күнү жаан-чачын күтүлбөйт.

19-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт.
19-21-январда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5°, Талас аймагында түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°,  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин,
тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…-5° суук болушу күтүлөт

20-22-январда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз — 2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -6…-11°
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2022-жылдын 16-январынан 19-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 92-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин эскертет!

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>