Эл аралык издөөдө жүргөн жашы жете элек кызы менен эне изделет

Эл аралык издөөдө жүргөн жашы жете элек кызы менен эне изделет

Испаниянын укук коргоо органдары 1971-жылдын 22-июнунда туулган жаран Круглова Эльмира Ревовна (ал эле Шакирзянова Эльмира Ревовна) Испаниянын Жазык кодексинин 225-беренесинде (Үй-бүлөгө каршы кылмыш/уурдоо) көрсөтүлгөн кылмышты жасаганы үчүн, ошондой эле анын кызы, дайынсыз жоголгон 2008-жылдын 7-январында туулган жашы жете элек Каролина Динара Сальгадо Круглованы издейт. Экөө тең Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөдө.

Испаниянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча жаран Круглова Эльмира Ревовна 2016-жылы кызы Каролина Динара Сальгадо Круглованы Барселонадан мыйзамсыз жол менен алып чыгып, белгисиз тарапка жашырынып кеткен.

ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу жарандардан издөөдө жүргөн аялды жана анын дайынсыз жоголгон жашы жете элек кызынын кайда жүргөн жерин аныктоого жардам берүүнү суранат. Алардын жүргөн жери жөнүндө кандайдыр-бир маалымат билгендер болсо,
66-45-48, 66-06-96 телефон номурларына кабарлап коюну суранат. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирүү таратты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>