Кыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасын Душанбеде тааныштырдыЫсык-Көлдө эки эс алуу жайынын курулушу токтотулуп, компанияларга айып пул салындыКыргызстанда ӨК учурунда бирдиктүү штаб соцтармактардагы ушактар менен фейктерге байкоо салатЕвразиядагы коопсуздук: ЖККУнун альтернативасы эмне үчүн жок?Сузакта жер документтерин жасалмалоого шектелип үч жаран кармалдыБишкекте ачкыч тууралап Honda Fit айдап качкан эркек кармалды
COVID-19: Бишкекте соңку суткада 627 киши кабылды
19.01.2022 | 09:20
Бишкек шаарында акыркы сутка ичинде коронавирус илдети 627 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын медициналык жардамды уюштуруу жана электрондук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбюбю Шамырканова билдирди.
Анын айтымында, борбор калаада 80 эмдөө пунктары иштеп жатат. “Бүгүнкү күндө 20 мобилдик топ иштеп жатат. Аталган топтор соңку суткада 524 чакырууга барып, 567 адамдан ПЦР анализ алышты.
Пандемия башталгандан бери борбор калаада жалпы 89 979 адам илдет жуктуруп алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом