Бекназаров Мадумаров тууралуу кайрылуу жолдоду (ВИДЕО)

Бекназаров Мадумаров тууралуу кайрылуу жолдоду (ВИДЕО)

Бекназаров видео кайрылуу жасап,  Башкы прокуратурага депутат Мадумаровго каршы көрсөтмө берүү үчүн эмес, 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча суракка чакырылганын айтты.

«Мындан эки жыл мурда Адахан-мырзанын “мени элчиликке сатылып кетти” деген сөзү боюнча басма сөз жыйында ага жооп берген сөзүмдү үзгүлөп-кескилеп, Адаханга каршы саясатта эки жылдан берип колдонуп жүрүшөт. Кече күнү “ошол сөзүңүздү тактап коёлу” деген тергөөчүлөргө “макул, тактап коёлу” деген сөзүмдү Адахан мырза дагы, бийлик дагы саясат кылып жатат. Атайын мени Малайзиядан Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө бергени келгендей кылып, мекендештер мен ал үчүн келген жерим жок. Мени өткөн жылы декабрь айында Башкы прокуратура “Июнь окуясы” боюнча чакырган. Бирок, мен ыңгайлуу убакыт болгондо барам дегем. Башка иш сапар менен Кыргызстанга келгенмин, мына ошол убакытты пайдаланып 3 күндөн бери сурап жатат. Мен Адаханга каршы көрсөтмө берейин деп келген жокмун, — деди Бекназаров.

 

Ошондой эле Бекназаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровго кайрылып, тергөөнүн сырын ачпоого чакырды.

«Урматтуу Камчы иним, Адахан иним! Бир жыл мурда Баткен окуясын, чек ара сырын сактап чыгарбаган чырыңарды эми тергөөнүн сырын бузуп, элдин башын оорутуп, дагы чыр кылабыз деп отурасыңарбы? Сурак кылганда дагы, сурак бергенде дагы мыйзамды сактап, тергөөнүн купуялуулугун сактап, элдин башын оорутпай жөн бербейсиңерби?» — деди.

2020-жылдын январь айында Бекназаров «Акипрессте» басма сөз жыйында  Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кыргыз-тажик чек арасы маселеси боюнча протоколго кол коюуга укуксуз болгонун билдирген. Мадумаров болсо Бекназаров мындай билдирүү жасагандан кийин «ага “ишке жарайт” деген мөөр басылганын» айткан болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>