Садыр Жапаров «Мадина» жаңы базарын ноябрга чейин ишке даярдоону талап кылды21-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидер
Бишкекте дагы үч мектеп онлайн окутууга өттү
19.01.2022 | 14:50
Борбор калаада дагы 3 мектеп коронавирустун аныкталган учурларына байланыштуу онлайн окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, No30, No17 жана No32 мектептердин окуучулары аралыктан билим алышат.
Жалпысынан Бишкек шаарындагы 16 мектеп убактылуу онлайн окууда: №4, №11, №12, №38, №67, №30, №32, №6, №18, №1. 29, № 62, № 60 жана № 73.
«Урматтуу жарандар! Борбор калаада оорулардын саны өсүүдө. Беткап тагынгыла, колду тазалагыла, аралыкты сактагыла жана эмдөөдөн өткүлө”, – деп жазат мэриянын басма сөз кызматы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом