Сүлүктүдө 15 жаштагы эки өспүрүм дайынсыз болууда — сүрөт

Сүлүктүдө 15 жаштагы эки өспүрүм дайынсыз болууда — сүрөт

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында эки өспүрүм жоголду. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга Жураев көчөсүнүн тургуну кайрылган. Ал 16-январь күнү саат 10:00дөр чамасында 15 жаштагы уулу Жоламан Азимбаев үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегенин айткан.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр. Узун чач, арык дене.

Үстүндө ак джемпер, кара булгаары куртка, шым, ак жана кара бут кийим болгон.

Экинчи өспүрүм Шахтер көчөсүндө жашайт. Ал дагы 15 жашта. Милицияга кайрылган дайынсыз жоголгон Кылычбек Камаловдун атасы 16-январь күнү саат 8.30дар чамасында баласын ойготуу үчүн анын бөлмөсүнө кирип, бирок таппай калганын айткан.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, кашы, көзү, чачы кара, денеси арык. Үстүндө кара түстөгү джемпер, ошол эле түстөгү куртка, кара шым жана кроссовка болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда издөө иштери жүрүп жатат.

Такталгандай, эки өспүрүм тең бир мектепте окушат.

Изделип жаткандардын жүргөн жери тууралуу маалыматы барларды 0365350651, 0220793503 номурларына чалып коюуну суранабыз.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>