Унаалардын алдыңкы айнегин караңгылатууга уруксат берилди

Унаалардын алдыңкы айнегин караңгылатууга уруксат берилди

Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетте унаалардын айнектерин акы төлөп караңгылатууну киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды.

Депутаттардын суроолоруна экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев жооп берди.

Японияда, АКШда, Кытайда, Тажикстанда жана Өзбекстанда акы төлөнүүчү тонировкага уруксат берилгенин айтты.

Ал эми унаалардын терезелерин караңгылатууга уруксат 1 жылдык мөөнөткө берилет деп пландалууда. Баасы азырынча тактала элек. Болжол менен 30дан 50 миңге чейинки суммага эсептелген.

Автоунааны сатууда тонировканы колдонууга уруксат унаада калат.

Акы төлөнүүчү тонировкага уруксаттын бар-жогун Carcheck порталында текшерүүгө болот деп пландаштырылууда. Мындан тышкары, “Коопсуз шаар” системасы менен интеграциялоо маселеси да иштелип жатат.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунда эшиктердин алдыңкы каптал терезелерин акы төлөнүүчү караңгылатуу киргизүү сунушталууда.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>