Бишкектин дагы бир көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактар алындыОш шаарында 1200 орундуу Салижан Жигитов атындагы мектеп ачылдыАкча которуп берем деп, 69 миң долларын ээлеп алган: шектүү жаран кармалдыКыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууну жана унааларды каттоону күчөтүү сунушталууда10 айда мамлекеттик карызды тейлөөгө 73,9 млрд сом жумшалдыДен соолугуна зыян келтирүүгө айыпталган жаран Испаниядан Кыргызстанга экстрадицияланды
Жумабеков жетектеген борбордун дарыгерлери кайрылуу жолдоду (ВИДЕО)
08.02.2022 | 17:21
Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп жаңы өзгөртүлгөн борбордун дарыгерлери жалпы элге кайрылуу кылышты.
Алар бир катар коомчулукта айтылып жаткан ушак-кептерге жооп беришти.
“Аталган борбор иштебей токтоп калыптыр деген кептер да тарап кетти. Чынын да бул маалыматтар жалган биз кадимкидей режимде иштеп жатабыз” – дешти.
Ошондой эле адамдардын сөөктөрүнө керектүү айрым медициналык жабдыктар туурасында түшүнбөстүктөр туурасында маалыматтарды ачыкташкан.
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөн. Жоюлган илимий борборду Сабырбек Жумабеков жетектеп турган. Министр менен жетекчинин ортосунда тирештен митингдер да болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар