Депутат Осмонов: Адахан Кимсанбаевич, сиз мага асылбаңыз! (ВИДЕО)

Депутат Осмонов: Адахан Кимсанбаевич, сиз мага асылбаңыз! (ВИДЕО)

Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Осмонов менен Адахан Мадумаров парламенттин комитет жыйында кайым айтыша кетти.

Баш мыйзамга дал келтирүү үчүн адам укугу боюнча мыйзам  (48 саатка  жарандарды соттун чечимисиз кармоо боюнча) долбоору талкууланып жаткан.

Адахан Мадумаров:

-Мыйзам долбоору өтсө да, өтпөсө да соттун чечими жок эле 48 саатка кармайт. Кандай тилде жооп берсе да, ушундай болот. Айырмасы, 72 сааттан 48 саатка түшүп жатат, бул бир. Биз депутаттар бирөөдөн сурабай, өзүбүз алдыбыздагы кагаздарды карасак.

Айбек Осмонов:

-Адахан Кимсанбаевич, сиз мага асылбаңыз! Мен тактоо ирээтинде Нуржигит Кадырбеков берген суроосуна, сурадым деп жатам. Сиз жок жерден асыла бербеңиз. Урматтуу коллегалар, бардыгыңарды сыйлайм. Бул жерде адам укугу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Чынында муну мыйзамдын негизинде караганбыз, демилгечи демилгелеп жатат. Биздин коллегалардын ар бирине жооп берүүдө.

Адахан Мадумаров:

-Урматтуу кесиптештер, биринчиден мен эчкимди кекеткен жокмун! Тукумдан кыр издебеш керек деген сөздү уккандан кийин айттым. Мага дагы сын таккандан бир аз, бир аз этият болгула. Баш мыйзамды бир канча ирет окуп чыксаңар дагы, мен министрдин орун басарына суроо берип жатам. Бул киши ар бир айткан сөздү туура деп жатат. Мага баа берээрдин алдында, ушул баш мыйзамды терең карап көрсөңөр дейм.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>