Сабырбек Жумабеков иштен кетип, жаңы жетекчини жамаатка өзү тааныштырды

Сабырбек Жумабеков иштен кетип, жаңы жетекчини жамаатка өзү тааныштырды

Бүгүн, 14-февралда Сабырбек Жумабеков Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан кетти. Ал өзү жаңы башкы дарыгерди жамаатка тааныштырып, кесиптештери менен коштошту. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Азыр аталган борбордо кайра каттоо жүрүп жатат. Борбор Бишкек шаарынын клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлөт. Ага Памир Муратов директордун милдетин аткаруучу болду.

Маалым болгондой, жума күнү, 11-февралда Сабырбек Жумабеков Садыр Жапаров менен жолугуп, акыркы чечимди өлкө башчысы кабыл аларын белгилеген. Жолугушууда эмне болгону азырынча белгисиз.

Эске салсак, саламаттык сактоо министри Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Клиникалык тез жардам ооруканасына айландыруу жана жаңы жетекчиликти дайындоо чечимин кабыл алган. Оорукананын директору Сабырбек Жумабеков министрдин чечимине көңүл бурбай, ооруканадан чыгып, иш бөлмөнү бошотуудан баш тарткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>