Хоккей: Кыргызстан биринчи орунду ээледи (ВИДЕО)

Хоккей: Кыргызстан биринчи орунду ээледи (ВИДЕО)

Бишкек шаарында кечээ, 8-мартта, IV дивизиондогу хоккей боюнча 2022-жылдагы Дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, улуттук курама Кувейт командасын 14:0 эсебинде жеңип, аны менен бул Дүйнө чемпионатында биринчи орунду ээледи. Төртүнчү дивизиондо чемпион болгон Кыргызстандын курама командасы эми Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу алдында үчүнчү дивизиондо ойнойт.

Президент Садыр Жапаров жана өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова Кыргызстан менен Кувейт курамаларынын ортосундагы турнирдин финалдык беттешин көрүштү. Сыйлыктарды тапшыруу аземи аяктагандан кийин Мамлекет башчысы Кыргызстандын командасынын кийим алмаштыруучу жайына кирип, хоккейчилерибизди Чемпионаттагы ишенимдүү жеңиши менен куттуктады.

Президент өзүнүн атынан бардык команда мүчөлөрүнө, машыктыруучулар курамына жана улуттук кураманын дарыгерлерине акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-мартынан 8-мартына чейин Бишкек шаарында төртүнчү дивизиондун командалары арасында хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты өттү. Бул республиканын аймагында өткөрүлгөн спорттун олимпиадалык түрү боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат болду.

Турнирге Кыргызстан, Кувейт, Сингапур, Малайзия жана Ирандан беш курама команда катышты.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>