Октябрь окуясы боюнча соттук отурум Биринчи Май райондук сотунда өтүшү керек болчу, айыпталуучулардын бири экс-президент Алмазбек Атамбаев.
Адвокаттардын бири келбей калганына байланыштуу сот 8-апрелге жылдырылды.
Андан соң журналист Алмазбек Атамбаевге “Сооронбай Жээнбеков экөөңөрдүн ортодогу чыр эмнеден улам чыккан”- деп суроо берүүгө үлгүрдү. Ал ортодо Атамбаев “Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жана ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кызматтан алганындыгы үчүн чыр чыккан”- деп жооп берди.