Баткен: чек арага жакын айылдардын тургундары эвакуацияланууда

Баткен: чек арага жакын айылдардын тургундары эвакуацияланууда

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын чек арага жакын Интернационал, Максат айылы жана Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук, Борбордук, Арка, Жаштык айылдарынын тургундары коопсуз жайга өз алдынча чыгарылып жатканы айтылды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлагандай, эвакуациялангандардын саны так эмес.

«Айыл тургундары Лейлек районунун Маргун жана Бешкент айыл аймагына чыгарылууда. Абалды турукташтыруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Лейлектин чек арага жакын жайгашкан Жаштык айылынын тургуну Сарвар Турдубаев айылда эркектер калып, көзөмөлдөп жатканын айтты.

“Жаштык айылында жалаң эркектер калып, абалды көзөмөлдөп топтошуп турабыз. Жарым сааттай ок атылганы угулуп турду. Кары-картаңдар, аялдар менен жаш балдар кетишти. Азыр ок атуу угулбай калды. Тажикстан менен чек арадагы Достук, Арка, Борбордук, Максат айылдарында баарында эле абал ушундай».

Мамлекеттик чек ара кызматы 12-апрелде Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, тажик тараптан бир чек арачы октон жараат алганын кабарлады. Ок атышуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин токтогон. Бирок, сүйлөшүү жүрүп жаткан маалда кайра ок атышуу болуп, кыргызстандык бир чек арачы жараат алган. Тажик чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылап, кийинчерээк ал токтогону кабарланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>