Кыргызстан USAIDден медициналык жабдууларды алат

Кыргызстан USAIDден медициналык жабдууларды алат

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөшүүгө колдоо иретинде кошумча лабораториялык, сервердик жана диагностикалык жабдууларды берип жатат. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 31 миллион сомдук жабдуулар USAIDдин пандемияга каршы күрөшүү чараларын колдоосунун алкагында бүткүл өлкө боюнча мекемелер арасында бөлүштүрүлөт.

Буга чейин USAID КР ССМ Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине GeneXpert заманбап диагностикалык жабдуусун берген, ал  COVID-19ду тестирлөө убактысын 5 сааттан 40 мүнөткө чейин кыскартат. Бул технология COVID-19ду гана эмес, кургак учук сыяктуу башка дагы инфекцияларды так аныктоого шарт түзөт.

Мындан тышкары Департамент видеоконференц-байланыш системасын жана компьютерлерди алды, бул өлкөдөгү  эпидемиологиялык кырдаалды кыйла натыйжалуу көзөмөлдөөнү шарттайт.⠀

Чүй облустук ооруканасы, Улуттук госпиталь жана Ош шаардык клиникалык ооруканасы дагы ар түрдүү жабдууларды, анын ичинде көчмө рентгент-жабдуу, видеобронхоскоп, дезинфекциолык камераларды жана сынамдарды ташуу үчүн контейнерлерди алышат.

Жардам USAIDдин саламаттыкты сактоо тутумунун туруктуулугун бекемдөө боюнча программасынын алкагында көрсөтүлүүдө. Пандемия башталганы Кыргыз Республикасында ага каршы күрөшүүгө USAID 7 миллион АКШ долларын бөлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>