Теңиз Бөлтүрүк «Центерра» менен болгон сүйлөшүүлөргө комментарий берди

Теңиз Бөлтүрүк «Центерра» менен болгон сүйлөшүүлөргө комментарий берди

Улуттук холдингдин менеджери, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүк «Кумтөр» долбоору боюнча «Центерра» менен сүйлөшүү процессинин аякташына жана Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин сүйлөшүүлөрдөгү ролуна комментарий берди.

Бөлтүрүк сүйлөшүүлөр президент Садыр Жапаровдун саясий эркинин аркасында башталганын баса белгиледи.

«Президент Кумтөрдү алабыз деди. Ал эми  мен директорлор кеңешинде иштеп жүргөндө  башкаруучу компания менен иштешпөө ниетимди ачык айттым. «Биз силер менен иштешпейбиз, силердин кылганыңар  зыян алып келүүдө, биз силер коштошууга даяр болушубуз керек”- дедим.  Анан алар даярданып жатышты. Биз да даярданып жатканбыз», — деди Теңгиз Бөлтүрүк.

Анын айтымында, «Центерранын» өкүлдөрү массалык маалымат каражаттары аркылуу эски схемаларды – пара менен шантажды бириктирүүгө аракет кылышкан.

«Биз бардык жолду басып, саясий эркти көрсөттүк. Батыш юристтеринин жардамы менен биз коргонуубузду сабаттуу жүргүздүк. Анан коррупциялык схемаларды мойнуна алган президент А.Акаев  ар кандай схемаларга катышканын,  жакындарынын катышуусун мойнуна алганда, Центерра башкача сүйлөдү. Биз кысым көрсөтүп, кылмыш иштери боюнча өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү көрсөткөндө гана алар биз менен ушинтип сүйлөшө албастыгын түшүнүштү”, — деп улантты Тенгиз Бөлтүрүк.

Ал Кыргызстанда пара албаган, чынчыл, татыктуу саясатчылар пайда болгонун белгиледи.

«Кумтөр биздики жана ал өлкөнүн экономикасы үчүн иштеши керек деген абдан катаал позициябыз бар», — деп жыйынтыктады.

Эске салсак, 4-апрелде Садыр Жапаров Кыргызстан менен “Центерра” Кумтөр маселеси боюнча сүйлөшүү процессин аяктаганын билдирген. Кенди башкаруу толугу менен Кыргызстанга өткөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>