Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Казанда кыргызстандык жаран ижарага алган унаасы менен эки кишинин сүзүп кетти
20.05.2022 | 10:22
Казанда кыргызстандык жаран ижарага алган унаасы менен шаардын борборунда эки адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Алардын айтымында, Муса Жалил атындагы Опера жана балет театрында айдоочу ижарага алган унаасы менен полициянын куугунтугунан качууга аракет кылып, эки адамды сүзүп салган. Укук коргоо органдары буга чейин кыргызстандык жаран KIA RIO унаасында ылдамдыгын азайтууга аракет кылбаганын аныкташкан. Жабырлануучулар ар кандай жаракаттар менен шаардык ооруканага жеткирилген.
Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом