Талас: Ымыркайын тирүүлөй токойго көмгөн эне табылды

Талас: Ымыркайын тирүүлөй токойго көмгөн эне табылды

Талас облусунда өз ымыркайын өлтүрүүгө шектүү эне кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg′ге Талас облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 13-май күнү Талас шаардык милицияга облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн дарыгери тарабынан билдирүү түшкөн. Анда дарыгер Талас шаарынын 1983-жылы туулган К. Е. аттуу тургуну төрөттөн кийинки абалда ымыркайы жок кайрылганын билдирген.

Милиция кызматы окуяны териштирүүнү баштап, анда К. Е. аттуу аял Талас шаарында 4 баласы  менен чогуу жашап жүргөнүy жана 2021-жылдын октябрь айларында никеси жок кош бойлуу  болуп калгандыгын билдирген. Кийин ал Талас шаарында токойдо сейилдеп жүргөн маалда толгоосу башталып, ошол жерден төрөп, андан кийин жаңы төрөлгөн ымыркайын тирүүлөй көмүп, кетип калгандыгы белгилүү болгон.

Аталган окуя боюнча соттук-медициналык эскпертиза дайындалып, ымыркайдын сөөгү Талас облустук оорукана жеткирилген.  Аталган факты боюнча 14-майда Кылмыш-жаза кодексинин “Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүү” фактысы менен  кылмыш иши козголгон.

Учурда Е.К. Талас облустук оорукананын гинекология бөлүмүндө дарыланууда. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тэги: Талас

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>