ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн түрдө жүргүзүлөт

ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн түрдө жүргүзүлөт

ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн түрдө жүргүзүлөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Билим берүү министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Асан кызы билдирди.

Ал 2020-жылдан тарта Кыргызстандын ЖОЖдоруна кабыл алуу 2020.edu.gov.kg бирдиктүү порталы аркылуу жүргүзүлөрүн эске салды.

«Ага катталуу үчүн абитуриент ЖРТ сертификатынын номерин жана паспортун киргизиши керек. Текшерүүдөн кийин Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодо көрсөтүлгөн телефон номерине сиздин жеке кабинетиңизге кирүү үчүн логин жана пароль менен билдирүү жөнөтүлөт», — деди Айнура Асан кызы.

Анын айтымында, жеке аккаунттарга кирүү мүмкүнчүлүгү 5-июндан кийин ачылат. «Азыр порталдан университеттер, багыттар тууралуу маалымат таба аласыз», — деп кошумчалады ал.

Эске салсак, 2022-жылы абитуриенттерди Республикалык тестирлөө үч этап менен өткөрүлөт: 24, 25-май (23-май тест борборлорун даярдоо күнү), 27, 28-май (26-май тест борборлорун даярдоо күнү) жана 24, 25-июнь (23-июнь – тестирлөө борборлорунун күнү даярдалат).

«III этапта жүйөлүү себептер менен тестирлөөдөн өтпөй калган абитуриенттер үчүн кечиктирилгис тестирлөө жүргүзүлөт. Каттоого үлгүрбөй калган абитуриенттер үчүн 23, 26-май жана 23-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт», — деп түшүндүрдү Билим берүү министрлиги.

ЖРТ гранттык орундарга да, контракттык негизде окуунун бардык формаларына (күндүзгү, сырттан жана кечки бөлүмдөргө) кабыл алууда милдеттүү болуп саналат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>