Президент Чолпон-Ата шаарындагы мектеп-комплексине барды

Президент Чолпон-Ата шаарындагы мектеп-комплексине барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, иш сапарынын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл облусундагы жалгыз «Билим Ордо» мектеп-комплексинде болуп, балдарды Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, иш сапар мектеп окуучуларынын 1-июнга карата уюштурулган бий көрсөтүүсү менен башталды.
Долбоорлорго катышуунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамынын аркасында материалдык-техникалык база олуттуу чыңдалды, педагогикалык жамаат окуу-тарбия процессинин сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу курсунан өтүштү. 2008-жылдын декабрында тастыктама боюнча мамлекеттик аттестациядан ийгиликтүү өтүп, мектеп 2009-жылы гимназия мектеби катары иштей баштаган. Андан кийин 2012-жылдан бери мектеп — Билим Ордо комплекси катары мамлекеттик каттоодон өткөн.

Маалым болгондой, «Билим Ордо» мектеп-комплекси бир нече түзүмдүк бөлүмдөрдөн турат: А.Осмонов атындагы гимназия жана «Күн» мектепке чейинки билим берүү уюму, ошондой эле Герман Гмайнер атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму. Мектеп-комплексте мектепке чейинки, мектеп-гимназия, башталгыч кесиптик билим берүү жана ЖОЖго чейинки даярдоо каралган. Бүгүнкү күндө мектепте 1232 окуучу билим алууда.

Директор мектеп 2008-жылдан бери райондун мектептеринин арасында «Гран-прини» байма-бай алып келе жатканын билдирди. 2014-жылы мектеп «Республиканын 100 мыкты инновациялык мектебине», 2018-жылы Ысык-Көл облусунда «Коопсуз мектеп» долбоорунун алкагында пилоттук мектеп болуп кирген. Мектепте 17 мугалим «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги».

Гимназия-мектебинин материалдык базасы, окуу процессинин деңгээли заманбап талаптарга жана билим берүү кызматынын негизги кардарларынын талаптарына жооп берет. Учурда мектепте электрондук журнал жана электрондук күндөлүктү киргизүү иштери башталды.

Окуу класстарын жана мектептин имаратын көрүп чыккан Мамлекет башчысы мугалимдер жамааты жана окуучулар менен баарлашып, окуу жайдын жетекчилигинин жана эмгек жамаатынын ишмердүүлүгүнө канааттангандыгын билдирди.

Өз кезегинде мугалимдер Президент Садыр Жапаровго эмгек акылардын сезилээрлик жогорулатылгандыгы үчүн ыраазчылык билдиришти.

Президент Садыр Жапаров мектеп окуучуларын майрамы менен куттуктап, алдыга койгон максаттарына жетип, аракетин жумшап, ага жетүү үчүн кандай гана кыйынчылык болбосун жеңе билүүсүн каалады. Ал балдарга чың ден соолук, кызыктуу каникул жана кыялдарынын аткарылышын каалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>