Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунан канча киреше түшөөрү айтылды

Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунан канча киреше түшөөрү айтылды

Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунан түшкөн киреше Кумтөр менен Камбар-Ата ГЭС-1ден кем болбойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.

Учурда бул долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси түзүлүүдө.

«Бул процесс күзгө чейин бүтсө, кийинки жылы темир жолдун курулушу башталат. Үч мамлекет биргелешип иш алып барса, бул жол 3-4 жылда бүтөт», — деди Жапаров.

Эске салсак, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров долбоордун курулушу ушул жылдын күз айларында башталарын билдирген.

Белгилей кетсек, бул демилге 1995-жылдан бери талкууланып, бирок андан бери ишке ашпай келет. 2002-жылы Бээжин келечектеги тармактын техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, анын багытын аныктаган. Ал идея боюнча Торугарт ашуусу аркылуу Арпа жайлоосун бойлоп, андан ары Өзгөн району аркылуу Кара-Суу шаарына жетип, ал жактан Өзбекстанга кетет деп болжолдонгон. Анын жалпы узундугу 268 километр болуусу керек эле.

Бирок үч өлкөнүн өкүлдөрүнүн бир нече жолку жолугушуусу каттамды аныктоодо, ошондой эле улуттук коопсуздук, экология жана геосаясат маселелеринде пикир келишпестиктерден улам бирдиктүү консенсуска алып келген жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>