“Арча-Бешик-2″ жаңы конушунда мектеп курулуп бүткөнү калды

“Арча-Бешик-2″ жаңы конушунда мектеп курулуп бүткөнү калды

Бишкек шаарындагы Арча-Бешик-2″ жаңы конушундагы жаңы мектептин курулушунун 88% бүттү. Бүгүнкү күндө подряддык компания ички жасалгалары, тышкы жасалгаларын кылып жатат. Бул туурасында Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мектеп 500 окуучуга ылайыкталып, 1000 окуучудан ашык окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ал эми, долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал жана жабдылган химия, физика жана информатика класстары бар. Ошондой эле, мектепте толук кандуу окуу процесси үчүн бардык зарыл болгон шарттары жана эмеректер менен жабдылат.

Наркы 1 млн. 230 миң 986 АКШ долларын түзгѳн. Мектептин курулуушунун аяктоосу, бекитилген графигине ылайык 2022-жылдын жаңы окуу жылына пландаштырылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>