Мыйзамсыз ташылып келген оң рулдуу унаалар мыйзамдаштырылат

Мыйзамсыз ташылып келген оң рулдуу унаалар мыйзамдаштырылат

Кыргызстан 2022-жылга чейин мыйзамсыз ташылып келген оң рулдуу унааларга мунапыс бериши мүмкүн. Министрлер кабинети мындай идеяны колдоого даяр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат Дастан Бекешев мыйзамсыз унааларды мыйзамдаштыруу боюнча сунуш киргизди.

«Биз 2015-жылы эле оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салганбыз, бирок адамдар аларды аткаминерлердин жардамы менен жасалма документ жасап, ташып кире беришкен. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча миңге жакын мындай мыйзамсыз унаалар жүрөт. Капиталга мунапысты карайбыз, авто-мунапыс кылалы», — деди депутат.

Ал мыйзамсыз ташылып келген оң рулдуу унааларды 20-30 миң сом айып пул төлөп мыйзамдаштырууну сунуштады.

«2022-жылга чейин импорттогондорду кечирели, экинчи кайталанбасын деген шарт менен. Бир аз болсо да, акча республикалык бюджетке түшөт”, — деп улантты Дастан Бекешев.

Депутаттын сунушуна министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров макул болду.

«Дастан Далабаевич, идея туура. Келгиле, чогуу мыйзам долбоорун иштеп чыгалы, эгер жарандын бир эле унаасы болсо, биз колдоого даярбыз. Бирок, эгерде бир адам 100 унаа алып келип, бул боюнча спекуляция жасап жатса, биз буга жол бербейбиз», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Эске салсак, Кыргызстанга 2015-жылдан бери оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салынган. Буга чейин парламентте алар тыюуну алып салууну сунуштап, бирок сунуш четке кагылган. Оң рулдуу унааларды колдонууга тыюу Казакстан менен Тажикстанда да бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>