Казакстанда улгайгандардын саны көбөйүүдө

Казакстанда улгайгандардын саны көбөйүүдө

Казакстандын Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар боюнча агенттигинин Улуттук статистика бюросунун (УСБ) маалыматы боюнча, Казакстанда улгайгандардын саны көбөйүп калкы баратат.

«2021-жылы Казакстандын аймактарында калктын карылык индекси 26,6 түздү, башкача айтканда, 0 жаштан 15 жашка чейинки ар бир 100 балага 65 жаштан жогорку 26,6 жаран туура келет. 2017-жылы бул көрсөткүч 25,9 болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

Шаарларда улгайган жарандарды өсүү темпи жогоруурак, индекси 28,7, ал эми 2019-2020-жылдары 29,1 деңгээлинде болгон. Өзгөчө Түндүк Казакстанда 65 жаштан жогорку жарандар көп, индекс 66,5ти түздү.

«Эң жаш» шаар Шымкент болуп саналат, анда 100 балага 65 жаштан жогору 14,3 адам туура келет, борбордо бул көрсөткүч 17,3.

Айыл тургундарынын карылык индекси шаардагыдан 4,9 пунктка төмөн, 23,9, 2017-жылы 100 балага 22,4 чоң киши туура келген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>