Вице-спикер Сыдыгалиев инисин кызматка кой деп министрге кысым көрсөттү

Вице-спикер Сыдыгалиев инисин кызматка кой деп министрге кысым көрсөттү

Энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев бир тууган инисин кызматка кой деп кысымга алып жатканын ачыкка чыгарды.

Талант  Турдумаматович мен дагы ачуу чындыкты айтып коюшум керек. Бул жерде жеке кызыкчылыктарды көздөгөн адамдар  жумушун тарта албай койгон бир тууган инилерин кызматка коюп бер деп, ушул жерде ушундан улам анча-мынчалардан кысым болуп жатат. Муну да токтотушубуз керек да, биз деле жөн жүргөн жокпуз да… Туура түшүнүңүз…”-деди министр.

Ал эми спикер Талант Мамытов “ушунча айткандан кийин аягына чейин кайсы депутат экенин ачыктаңыз”- деди.

Министр Бекмурзаев окуянын чоо-жайына кененирээк токтолду.

Нурбек (Сыдыгалиев) мырза отурат. Иниси Чакан ГЭСте иштеген. Тарта албай койгондуктан, иштен алып салганбыз”-деди.

Ал арада Нурбек Сыдыгалиев бул министр Доскул Бекмурзаевдин айткандарын жооп берди.

Жумушка ал деп мен суранган эмесмин. Бир жыл мурун айткам. Ошо бойдон жумуштан алды, мен андан бери жумушка кой деп суранган эмесмин”-деп жооп берди.

Андан соң министрдин жеке адамдык сапаттарына чейин асылуу башталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>