Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кара-Буурада күйдүргүгө шектелген 4 киши ооруканага жаткырылды
14.07.2022 | 17:18
Талас облусундагы Кара-Буура районунда 4 адам күйдүргүгө (сибирская язва) шектелип ооруканага жаткырылды. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Буура ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 4 адам күйдүргүгө шектелип жаткырылган. 12-июль күнү алардан анализ алынган, азырынча лабораториялык жактан күйдүргү тастыктала элек. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору бул боюнча өз багытында иш алып барууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом