ИИМ 7,5 млн сомдук психотроптук заттары бар жаранды кармады

ИИМ 7,5 млн сомдук психотроптук заттары бар жаранды кармады

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери синтетикалык баңгизаттардын таралышын жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, ири психотроптук заттарды көмүскө жерге жашырып кетип жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери 2022-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарынын аймагында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө ири өлчөмдө психотроптук заттарды көмүскө жерге жашырып кетип жүргөн 1991-жылы туулган К.А.Ю. кармалган. Шектүүдөн таңгактоо үчүн каражаттар (зип-пакеттер), тараза,  жашырып орнотуу үчүн буюмдар, ошондой эле “Альфа PVP” психотроптук зат салынган бөтөлкө табылып алынган.

Кармалган жаран К.А.Ю. буга чейин психотроптук затты кайдан алып жүргөн жерин көрсөтүп, ошондой эле баңгизаттарды көмүскө жерге жашырып кетип жүргөндүгүн түшүндүргөн. Ал белгисиз адам (куратор) менен алдын ала байланышып, баңгизаттарды катылган жерлерден алып, андан кийин алынган заттарды сатуу максатында таңгактап, жашыруун сактоочу жерлерге жашыргандыгын айтып берген.

Мындан тышкары, Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө К.А.Ю. аттуу жаранга таандык болгон уюлдук телефондо көрсөтүлгөн аймакта ИИМдин Кинологиялык борборунун кызматтык издөө итинин катышуусу менен жерге көмүлгөн “Альфа PVP” психотроптук зат салынган көлөмү 0,5 болгон 5 даана бөтөлкөлөр табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 1 кг. 800 граммды түзүп, жалпы суммасы 7 миллион 560 миң сомго бааланган.

Кармалган адам Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Учурда тергөө иштери уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>