Колуңан келбейт! УКМКнын имараты жакта мас айдоочу чуу салды

Колуңан келбейт! УКМКнын имараты жакта мас айдоочу чуу салды

Жарандык активист Эртай Искаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имараты жакта курулуш жүрүп жаткан жерде мас айдоочу келип чуу салганын социалдык тармактагы баракчасына айтып, видеосун жүктөдү. Окуя бүгүн 18-июль күнү кечке жуук болгону айтылат.

Ал видеодо бир канча жарандарга бир киши “колуңан келген нерсени кылчы, колуңан келбейт”- деп кемсинтип сүйлөп жатканын угууга болот. Ошол эле маалда анын мас экенин, 102 кызматына маалымат берүү керектигин айтып жатканын эшитесиң.

Ал эми Исакаков окуя туурасында түшүндүрмө жазды.

Ак жол тандабас  УКМКнын  имараты жакта курулуш иштери жүрүп жаткан имараттын аймагына кирип,  курулушчуларды аралап өтүп бара жатып, жээкке урунуп, артка кайтканда үйүлгөн кумга кирип, кайра чыгып кеткен. Ал жактагылар анын мас абалында экенин, белгилерин байкап, 102 кызматына телефон чалган, бирок айдоочу отурган жеринен чыгып кеткен. Кийинчерээк милиция кызматкерлери чалып, ал эчак эле чыгып кеткенин, окуя болгон жерге патрулдук милиция келген эмес деп айтышкан. Алар УКМК кызматкерлериби? Кечээ Ысык-Көлдө гана Жаза аткаруу кызматынын башчысынын орун басары мас абалында Чолпон-Ата шаарындагы стационардык постто патрулдук эки унааны сүзүп, Мамлекеттик Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын 3 кызматкерин өлтүрүп кете жаздаган. Бул аракечтик качан токтойт?”-деп суроо салды.

@ertaiiskakovИз территории где располагается здание ГКНБ выехал белый внедорожник, проезжая участок где велись строительные работы и находились строители наехал на листы-отливы, подавая задним ходом въехал в кучу песка и обратно проехался по материалам. Потом ребята сказали зачем он так сделал и заметили признаки опьянения и вызвали 102, но водитель сел и уехал с места. Позже позвонили милиционеры они сообщили что он уехал уже, патрульная на место происшествия не приехали. Это сотрудники ГКНБ? Вчера только на Иссык-Куле пьяный замначальника Службы исполнения наказаний чуть не убил 3-х сотрудников ГУОБДД въехав в две патрульные машины у стационарного поста в Чолпон-Ате. Когда этот беспредел с пьяными закончится?♬ оригинальный звук — Эртай Искаков

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>