«Жогорку Нарын ГЭСи» боюнча Кыргызстан «Русгидронун» чыгымын төлөөгө милдеттенди

«Жогорку Нарын ГЭСи» боюнча Кыргызстан «Русгидронун» чыгымын төлөөгө милдеттенди

Гонконгдогу арбитраждык сот «РусГидро» акционердик коомунун Кыргызстанга каршы доо арызын карап чыгып, иштин жыйынтыгы боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин соттук өкүлчүлүк борбору билдирди.

«Арбитраждык соттун чечимине ылайык, доогердин талаптары жарым-жартылай канааттандырылат. Ошондой эле Кыргызстан «РусГидронун» «Жогорку Нарын ГЭСтер каскады» долбооруна салган каражатын компенсациялоого милдеттүү экенин тааныйт«, — деп айтылат маалыматта.

Арбитрлер мындай чечимди ГЭС куруу боюнча өкмөттөр аралык келишимдин жоболоруна таянып кабыл алганы айтылды. Ошондой эле буга Кыргызстандагы кызмат адамдарынын «РусГидронун» карызын таануу жөнүндө билдирүүлөрү себеп болгон.

«Жогорку Нарын ГЭСтери» ишканасы 2012-жылы Жогорку Нарын каскадынын курулушу үчүн түзүлгөн. Россиянын «РусГидро» жана Кыргызстандын «Электр станциялары» 50 пайыздык акцияларга ээ. Долбоор башталып-башталбай түзүлгөн келишим жокко чыгарылган. Россиялык ишкана ага кеткен 37 миллион долларды өндүрүп алуу үчүн эл аралык арбитраждык сотко кайрылган.

Долбоордун наркы 727 миллион долларды түзгөн жана 238 мегаваттык төрт станцияны куруу пландалган. Анткен менен Россиядагы экономикалык көйгөйлөрдөн улам келишим 2016-жылы жокко чыгарылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>