АКШ маймыл чечекке байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады

АКШ маймыл чечекке байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады

АКШ маймыл чечекке байланыштуу  өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул тууралуу бейшемби күнү, 4-августта АКШнын Саламаттыкты сактоо жана калкты тейлөө министри Хавьер Бесерра билдирди.

«Биз ар бир америкалыкты маймыл чечекке олуттуу мамиле кылууга үндөйбүз» деди ал брифингде.

Өзгөчө кырдаалдын жарыяланышы өлкө бийлигине оору менен күрөшүү үчүн кошумча каражат жана адистерди тартуу жүктөлдү. Буга чейин маймыл оорусуна байланыштуу өзгөчө кырдаал Нью-Йорк, Калифорния жана Иллинойс штаттарында киргизилген.

АКШ маймыл чечек оорусу эң көп катталган өлкө. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча федералдык борборлорунун (CDC) маалыматы боюнча, өлкөдө 7,000ге жакын учур катталган.

Ал арада ДСУ маймыл чечекти глобалдык өзгөчө кырдаал деп жарыялады. Июль айында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (БУУ) маймыл чечекти эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Ал убакта 75 өлкөдө 16,000ден ашуун учур белгилүү болгон. Көпчүлүк инфекциялар Европа жана Америкада аныкталган.

Лондондогу Королева Мэри университетинин окумуштуулары көбүнчө бир жыныстагы эркектер ооруну жуктуруп алганын аныкташкан. Окумуштуулар чечек салттуу мааниде жыныстык жол менен жугуучу инфекция эмес жана ар кандай жакын физикалык байланыш аркылуу жугушу мүмкүн экенин баса белгилешти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>