Казакстанда жол кырсыгынан кыргыз жараны көз жумду

Казакстанда жол кырсыгынан кыргыз жараны көз жумду

Актөбө облусунда жол кырсыгынын кесепетинен Кыргызстандын жараны каза болгонун Казакстандын КазТАГ басылмасы  жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 14-сентябрда Самара-Шымкент унаа жолунда Ыргыз районунун Калыбай айылына жакын жерде адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. ВАЗ 2105 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, КР жараны рулду башкара албай, аңга түшүп кетип, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен ВАЗ 2105 үлгүсүндөгү унаанын 31 жаштагы жүргүнчүсү,  КР жараны алган жаракаттарынан улам ошол жерден каза болуп, айдоочу ар кандай жаракаттар менен Иргиздин борбордук райондук ооруканасына жаткырылган.

Бул факты боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 4-бөлүгү (транспорт каражаттарын башкарган адамдардын жол жүрүү же транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу) менен сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>