Баткенге эл аралык уюмдар барды. Фоторепортаж

Баткенге эл аралык уюмдар барды. Фоторепортаж

Тажикстан тарабынан 14-17-сентябрь күндөрү орун алган куралдуу агрессиянын натыйжасында талкаланган Кыргызстандын Баткен облусунун аймагындагы социалдык жана инфраструктуралык объектилер боюнча дипломаттар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-тур өткөрүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин билдирди.

Маалыматка караганда, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Тажикстандын куралдуу агрессиясынан эң көп жабыркаган

Лейлек жана Баткен райондорунун Интернационал, Максат, Достук жана Капчыгай айылдарында болушту.

Жергиликтүү тургундар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери болгон окуялар жана Тажикстан тараптан келген куралдуу топтордун мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтып берип, талкаланган жана тонолгон турак-жайларды, мектептерди, бала-бакчаларды, базарларды, административдик жана социалдык объектилерди, милициянын пункттарын жана башка инфраструктуралык объектилерди көрсөтүштү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган иш-чарага Франция , Улуу Британия жана Ирландия, Украина, Кытай, АКШ, Венгрия, Корея, Иран, Беларусь, Монголия, Пакистан, Катар, Индия, Россия жана Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдүн аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары, пресс-турга Европа Биримдиги, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Эл аралык Кызыл Крест, Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондусу сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Чили, Сан-Марино, Португалия жана Кипр ардактуу консулдары катышты.

Эске салсак, Тажикстан тарабынан пландалган куралдуу кол салуунун натыйжасында Кыргызстандын 59 жараны курман болуп, 198 адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан жана 140 миңден ашуун жергиликтүү тургун эвакуацияланган. Ошондой эле 374 турак-жай, 171 чарбалык объект, 10 социалдык объект (5 мектеп, 2 бала бакча, 3 медициналык мекеме), 153 турмуш-тиричиликти камсыздоо объектилери талкаланган жана жабыркаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>