Октябрдан тарта пенсия кандай тартипте көтөрүлөт? Жооп

Октябрдан тарта пенсия кандай тартипте көтөрүлөт? Жооп

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев АКИpress агенттигине берген маегинде Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын өлчөмү кандай тартиптер менен көтөрүлөрүн айтып берди.

Алиев “Президент пенсия 1700 сомдон 3400 сомго көбөйөрүн билдирди. Пенсия канчага көтөрүлөт деген эсеп барбы?”- деген журналисттин суроосуна жооп берип жатып буларга токтолду.

1-октябрдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдун ордуна 3170 сом деп белгиленип, пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 15%га жогорулатылат. Алдыда пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуунун натыйжасында пенсиянын орточо өлчөмү 8080 сомго бааланат, бул 133%га жогорулаган учурда орточо пенсиядан жогору же 1988 сомго дегенди түшүндүрөт. Маселен, ПЖМ (пенсионердин жашоо минимуму) чейинки пенсия алгандарга орточо эсеп менен 1700 сомго, 10000 сомго чейинки пенсия алгандарга орто эсеп менен 2300 сомго, 10000 сомдон жогору пенсия алгандарга 3400 сомго көбөйөт”- деди.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда ушул жылдын 1-октябрынан тарта пенсия көтөрүлөөрүн 10-сентябрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көтөрүлөт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>