Ош: Балдарын дары менен өлтүрүүгө аракет кылган эне кармалды

Ош: Балдарын дары менен өлтүрүүгө аракет кылган эне кармалды

Ошто балдарын өлтүрүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине түштүк борбордун ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүн милиция кызматкерлерине Амир-Тимур кичи районунда жашаган аял балдарды өлтүрүүнү көздөп, аларга чоң өлчөмдөгү димедрол таблеткасын бергендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Шектүү 40 жашта экени белгилүү болду. Ал чындап эле балдарга көп дозада димедрол таблеткаларын жана ич өткөккө каршы дары берген. Дарыгерлер келгенге чейин милиция кызматкерлери балдарга жардам беришкен.

Аял чындап эле аларды өлтүрүп, анан өз жанын кыйгысы келгенин мойнуна алган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Учурда аялдын психикалык саламаттыгы жана экстремисттик уюмдарга тиешеси бар же жогу текшерилип жатат.

Азыр балдар ооруканага жаткырылды, алардын өмүрүнө эч нерсе коркунуч туудурбайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>