Улуттук банк 18-ноябрга карата негизги өнөктөш өлкөлөрдүн сомго карата расмий курстарын жарыялады. Бул тууралуу тийиштүү мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, сом евродон башка бардык негизги валюталарга арзандады. Евро сомго карата 0,14%га төмөндөп, 87,72 сомду түздү.
Баарынан да сом рублга карата 0,66%га түшүп, 1,39 сомду түздү. Эң аз АКШ долларына карата 0,03%га төмөндөдү.
Кошумчалай кетсек, бир күн мурун Улуттук банк 10-марттан бери биринчи жолу валюта рыногуна чыгып, 55,2 миллион доллар саткан.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз