Иран: Митингдин катышуучуларынын бири дарга асылды

Иран: Митингдин катышуучуларынын бири дарга асылды

Иранда бир жумага жетпеген убакыттын ичинде өлкөнү дээрлик үч айдан бери дүрбөлөңгө салган нааразылык акцияларынын экинчи катышуучусун өлүм жазасына тартты.

Мажид Реза Рахнавард «Кудайга каршы согушканы» үчүн өлүм жазасына кесилгенден кийин өлкөнүн түндүгүндөгү Мешхед шаарында эл алдында дарга асылды.

Жаш жигит эки коопсуздук кызматкерин өлтүрүп, төртөөнү жарадар кылган деп айыпталып, ал күнөөсүн мойнуна алганы кабарланууда.

Басма сөздүн суроолоруна жооп берип жатып, Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү бул окуя өлкөнүн ички маселеси экенин билдирди.

Анын айтымында, калктын демонстрацияга чыгууга толук укугу бар, бирок бул митингчи эмес, козголоңчу болгон.

Өлүм жазалары эл аралык коомчулуктун катуу сынына алып келди, алар өз кезегинде Иранга каршы санкцияларды күчөтүүгө даяр.

Өкмөткө каршы демонстрациялар хиджабды туура эмес кийгени үчүн камакка алынган Махса Амини каза болгондон кийин сентябрдын ортосунда башталган.

Бир нече бейөкмөт уюмдардын маалыматы боюнча, демонстрацияларды күч менен басууда 400дөн ашуун адам каза болду.

Өткөн аптада коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлерине кол салган деп айыпталган 23 жаштагы биринчи кармалган адам өлүм жазасына тартылды.

Активисттердин айтымында, жабык түрдө ондон ашык адам өлүм жазасына тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Иран

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>