К2, К3 күйүүчү майын өлкөгө алып кирүүгө тыюу салуу сунушталууда

К2, К3 күйүүчү майын өлкөгө алып кирүүгө тыюу салуу сунушталууда

Парламент жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова К2, К3 классындагы күйүүчү майды Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салууну сунуштады.

Анын айтымында, түтүндүн 70%ы автоунаалардан чыккан газдардан пайда болот.

Учурда өлкөдө эксплуатацияланган автоунаалардын амортизациясы 80%ды түзөт. Ал эми жакынкы аралыкта бул унааларга тыюу сала албагандыктан, К2, К3 классындагы сапатсыз күйүүчү майларды өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салууну сунуштап жатабыз. Базарда сапаты начар күйүүчү майлар жок болмоюнча парник газдары боюнча абал өзгөрбөйт”, — деди министр.

Ал сапатсыз күйүүчү майды Кыргызстанга ташып келүүгө алиге дейре тыюу салынбаганын, анткени мунай иштетүүчү заводдор майдын сапатын көтөрүүгө белсенбегенин жана ар дайым кечиктиргендигин кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: К2 К3

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>