Чүйдө абактагы «положенецтин» кылмышы ачыкталды

Чүйдө абактагы «положенецтин» кылмышы ачыкталды

Чүй облусунун аймагында жайгашкан түзөтүү мекемелерине өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын жеткирүүнүн жана сатуунун туруктуу каналы аныкталып, ага бөгөт коюлган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда,  жогоруда аталган кылмыш ишинин алкагында түзөтүү жаза өтөп жаткан “воровской общак” лидерлери, 1988-ж. Т.У.А. “положенец” деп аталган Уюшкан кылмыштуулук топтун активдүү мүчөсү жана соттолгон 1994-ж.т. Д.У.Т. баңги каражаттарынын ташуу каналынын уюштуруучусу болуп саналган аныкталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Ал эми, 1995-ж.т. О.К. жаран баңгизат каражаттарын өткөрүп берүү аракетинде кармалып, анын ичинде 1 кг. 246 грамм салмактагы “гашиш” эки полиэтилен баштыкчасы алынды. Алынган баңгизат Чүй облусундагы түзөтүү мекемелеринин бирине киргизүүнү көздөшкөн.

Ошондой эле баңги каражаттарын өткөрүп берүү аракетинде экинчи шектүү 07.09.1998-ж.т. Т.Д. кармалган. Өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Т.Д. аттуу жарандан скотч менен оролгон үч таңгак “гашиш” баңгизаты алынды. Алынган “гашиш” баңги каражатынын салмагы 1 кг 125 граммды түзгөн.

Түзөтүү мекемелеринде киргизүүгө алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 3 кг жакын “гашиш” баңгизаты болуп аныкталды. Азыркы учурда Уюшкан кылмыштуу топтун баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого тиешеси бар башка активдүү мүчөлөрүнө карата иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>