Легендарлуу СССР композитору Эдуард Артемьев каза болду

Легендарлуу СССР композитору Эдуард Артемьев каза болду

Бүгүн, 29-декабрда Москвада советтик жана орусиялык композитор, Орусиянын Эл артисти, Россия Федерациясынын Мамлекеттик сыйлыгынын төрт жолку лауреаты, РСФСР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Эдуард Артемьев каза болду. Ал 85 жашта эле.

Үч жума мурун ал ковид менен тез арада ооруканага жаткырылган. Бирок, дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес. Композитор бактериялык пневмонияны дарылоо учурунда пайда болгон көйгөйлөрдөн улам реанимацияда каза болгон.

Эдуард Артемьев 1937-жылы Новосибирск шаарында туулган. Шапориндин композиция классы боюнча Москвадагы хор окуу жайын жана Москва консерваториясын бүтүргөн.

Артемьев кинодогу эмгеги менен кеңири таанылган. Ал 150дөн ашык көркөм фильмдерге музыка жазган. Алардын арасында:  Андрей Тарковскийдин «Солярис», «Зеркало» жана «Сталкер», «Свой среди чужих, чужой среди своих», «Раба любви», «Несколько дней из жизни И. И. Обломова», «Утомленные солнцем» жана Никита Михалковдун «Сибириада», ошондой эле Андрей Кончаловскийдин «Сибирь», «Ближний круг».

Анын акыркы эмгеги Никита Михалковдун «Шоколадный Револьвер» жакынкы тасмасы болмокчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>