Садыр Жапаров ЖККУ жыйынында: Кыргызстан жамааттык коопсуздукту чыңдоого умтулатКлиматтын өзгөрүшүн КРнын мектеп программаларына киргизүү сунушталууда — долбоорКыргызстан менен Өзбекстан картошканы үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча макулдашты12-ноябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБишкекте сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү ачылатТогузунчу талапкер: Амур Айба Медер президенттик шайлоого катышууга арыз берди
Өлкөгө Европадан дары-дармектер эмнеге келбей калды? Жооп
29.12.2022 | 19:05
Көптөгөн дары-дармектер логистиканын татаалдыгынан улам Европадан келбей жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Нуржигит Кадырбековдун суроосуна жооп берип жатып, эмне үчүн Европа мамлекеттеринен дарылар азайып, Индия менен Азербайжандан дарылар көбөйүп баратат деген суроосуна министрдин орун басары маселе жеткирип берүү тармагынын үзгүлтүккө учурашында экенин айтты.
«Мындан тышкары Азербайжан менен Индиянын дарылары европалыктардыкынан алда канча арзан», – деди министрдин орун басары.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика