Чүй районунда 202 гектар аянтка өнөр жай аймагы түзүлөтБишкекте КММАнын студентинин сөөгү табылды. Ал буга чейин изделип жаткан8-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОшто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 4 миң көчөт отургузулдуКантта калдыктарды кайра иштетүүчү завод жана муниципалдык базар куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев ЖМК өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады
Борбор калаада муз тебүүчү жаңы аянтча ачылды
04.01.2023 | 11:01
“Молодежный” сейил багынын аймагында кыш мезгилинде жаңы эс алуу зонасы уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Маалыматка караганда, эми шаардыктар үй-бүлөлүк эс алуусун паркта сейилдеп гана тим болбостон, коньки, чана тээп да өткөрө алышат.
“Чанаңызды алып келсеңиз болот же муз аянтчасынын администрациясынан ижарага алсаңыз болот. Коньки ижарасы 200 сом, чана 100 сом. Сизге үй-бүлөңүз менен жагымдуу дем алыш каалайбыз!”- деп айтылат билдирүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар