Бишкек: Айланма жолдо 4 унаа сүзүштү. Айдоочу мас болгон

Бишкек: Айланма жолдо 4 унаа сүзүштү. Айдоочу мас болгон

1-январда Аламүдүн районундагы Бишкек-Торугарт айланма жолунун Ак-Жар конушунун жанында 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Д.А.нын башкаруусундагы «Марк-2», М.К.нын башкаруусундагы «Сузуки Вагон», Н.А.нын башкаруусундагы «Дэу Матиз», А.А.нын башкаруусундагы  «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

«Марк-2» менен «Сузуки Вагон» батыштан чыгышты көздөй, ал эми «Деу Матиз» менен «Мерседес Бенц» чыгыштан батышты көздөй келе жатышкан.

Аламүдүн РИИБнин тергөө-ыкчам тобу кырсык болгон жерге жөнөп кеткен. Жеринде алар окуя болгон жердин схемасын жана окуя болгон жерди кароо протоколун түзүшкөн. Жыйынтыгында автоунаалар камакка алынды.

Кырсык фактысы Аламүдүн РИИБнин ИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Унаалардын айдоочулары медициналык кароодон өтүп, экспертизанын корутундусуна ылайык, Спринтердин айдоочусу кырсык болгон учурда мас абалында болгон. Калган айдоочулар соо болушкан.

Окуядан кийин 1999-жылы туулган Н.А., «башы көгөргөн» деген алдын ала диагноз менен 1996-жылы туулган Н.М., «мээнин чайкалышы, көгөргөн» деген алдын ала диагноз менен кайрылган. Ал амбулаториялык негизде улуттук госпиталда. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө кетүүгө уруксат берилген.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын негизинде соттук-автотехникалык экспертизалар, соттук-транспорттук-трассологиялык экспертизалар, соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы азырынча даяр боло элек.

Ошондой эле, бул окуя боюнча объективдүү жана ар тараптуулук үчүн бир катар тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы алынгандан кийин процессуалдык чечим кабыл алынат.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: жол кырсык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>