Ош шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскерттиНепалдагы табигый кырсыкка байланышуу Садыр Жапаров Рам Чандра Пауделге көңүл айттыТибеттеги сел кырсыгына байланыштууу Садыр Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айттыКемин шаарында Жибек-Жолу көчөсүн көрктөндүрүү иштери башталды«Кулун-Ата» коругунда илбирс менен күрөң аюу фотокапкандарга түшүп калды
Айдоочу уктап кеткен: Боомдогу кырсыктан бир адам көз жумду
26.01.2023 | 20:33
Бишкек—Нарын—Торугат унаа жолундагы жол кырсыктан 38 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсык 26-январда саат 12:00 чамасында Бишкек—Нарын—Торугат унаа жолунун 126-100- чакырымында катталган. Алдын ала маалымат боюнча чоң жүк ташуучу “Хово” үлгүсүндөгү унаа күн чыгышты көздөй бара жатып, анын 37 жаштагы К.Т. аттуу айдоочусу уктап кетип, жол боюндагы тосмону сүзгөн.
Жол кырсыктын кесепетинин 38 жаштагы жүргүнчү Ж.А каза болгон.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар