Кыргызстанга электромобилдер боюнча Кореядан эксперттер келишти

Кыргызстанга электромобилдер боюнча Кореядан эксперттер келишти

26-январда Экономика министри Данияр Амангелдиев Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) директору Ли Жонгсу менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Министр белгилегендей, Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири жашыл экономиканы жана туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү болуп саналат.

«Ошол эле учурда жашыл өнүгүүнүн инструменттеринин бири транспорттун экологиялык режимине өтүү болуп саналат. Министрлик «Кыргызпочтасы» ААК менен биргеликте бул жаатта долбоордун үстүндө иштеп жатат», — деди Амангелдиев.

Ли Жонгсу өз кезегинде Кыргызстанга электр унаалары жана электр заряддоо станциялары боюнча долбоордун алдын ала изилдөөсүн жүргүзүү үчүн эксперттер тобу келгенин билдирди.

Ошону менен бирге, Данияр Амангелдиев министрлик KOICA кеңсесинин толук кандуу иштешине жана Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго ар тараптуу жардам көрсөтүү ниетинде экенин белгиледи.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>