Бир фура сары ташын алдап алган 46 жаштагы аял кармалды

Бир фура сары ташын алдап алган 46 жаштагы аял кармалды

Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн 46 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад ОИИБне 38 жаштагы Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 2021-жылдын 20-сентябрь күнү Сузак районундагы сары таш жасап сатуучу ишканадан Ю.Н. аттуу жаран “1 фура сары ташыңызды берип туруңуз, мен өзүмдүн 3 фура сары ташым менен кошо Казакстанга алып барып сатып өткөрүп, сизге 8000 АКШ долларын беремин” – деп 1 фура сары ташын алып кетип, акчасын бербегендигин билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар 2022-жылдын 10-июнунда Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү жаран Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1977-ж.т. Ю.Н. экендиги аныкталган. Шектүү жашаган дарегин өзгөртүп, тергөөдөн изин жашырып жүргөндүгүнө байланыштуу 2022-жылдын 11-октябрында издөө иши ачылган.

Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, издөөдө жүргөн Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1977-ж.т. Ю.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, үй камагына чыгарылган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>