Атамбаев эртең Испанияга дарыланууга жөнөйт

Атамбаев эртең Испанияга дарыланууга жөнөйт

Атамбаевга эртеңкиге билет сатылып алынды. Ал дароо Испанияга дарыланууга кетет. Бул тууралуу Кой-Таш айылындагы үйүндө журналисттерге интервью берип жатып Атамбаев өзү билдирди.

«Испаниянын элчиси Дубайда Испаниядагы эң мыкты дарыгерлер күтүп турганын айтты. Испанияга рахмат, билесизби, мен ал жерде болгон эмесмин, бирок, албетте, премьер-министр баштаган мындай аракеттер үчүн абдан ыраазымын.  Бейтааныш адамдардын ушунчалык жардам бергени мени абдан кубандырды. Рахмат», — деди Атамбаев.

Журналистттердин “Эртең учуп кетесиңби?” деген суроосуна  Атамбаев Кудай буюрса, билеттерди сатып алышкан деп жооп берди.  «Бирок, айрымдар Атамбаевден ушинтип кутулат деп ойлобосун. Мен кайтып келем, — деди ал.

Эскерте кетсек, Атамбаев бүгүн абактан бошотулган.  Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш 2019-жылы Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышынын себептеринин бири болгон.

Экс-президент макамынан ажырагандан кийин ИИМ Атамбаевди бир нече ирет суракка чакырган. Бирок ал суракка келбегендиктен, аны кармоо боюнча 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта атайын операция уюштурулган. Натыйжада Атамбаев кармалып, Кой-Таштагы окуя боюнча ага иш ачылган. Учурда ал сотто каралууда.

Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу иш боюнча Атамбаев 11 жыл, эки айга эркинен ажыратылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>