Эрдоган: Түркия кыйын учурда кол сунгандарды унутпайт

Эрдоган: Түркия кыйын учурда кол сунгандарды унутпайт

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөт Саммитинин катышуучуларына жолдогон видео кайрылуусунда Түркия кыйын учурда сунган жардам колун унутпайт деп билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда, саясатчы элдин колдоосунун аркасында өлкө бул кырсыктын кесепеттерин кыска убакыттын ичинде жоё аларына ишенимин билдирди.

Түрк лидери жер титирөөлөрдүн кесепетинен Түркияга жардам берүүгө шашкан бардык өлкөлөргө ыраазычылыгын айтты.

Эрдоган дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсү, анын ичинде саммитти кабыл алган Бириккен Араб Эмираттары Түркияны колдоо боюнча билдирүү жасаганын эске салды.

«Кээ бир мамлекеттер Түркияга куткаруучуларын жөнөтсө, кээ бирлери жардам чогултуу кампанияларын баштап, тилектештик көрсөтүштү. Кээ бир мамлекеттер Анкараны колдоо боюнча билдирүүлөрдү таратышты. Бул кырсык эл аралык тилектештиктин маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди», — деди Эрдоган.

Зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарындагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 31 миңден ашты.

Президент Режеп Тайып Эрдоган жаратылыш кырсыгынан каза болгондор үчүн Түркияда жети күндүк улуттук аза күтүү жарыяланып, мамлекеттик желектер жерге түшүрүлгөн.

Жер силкинүү Сирия, Ливан, Түндүк Кипр, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>